Бүгүн, 14-июнда 4 жылда бир өтүүчү ири мелдештердин бири болгон футбло боюнча Европа чемпиондугу Германияда старт алат.
Турнирдин биринчи оюну Бишкек убактысы боюнча 01:00дө башталат. Европа чемпиондугунун ачылыш аземи старт ышкырыгына бир саат калганда болот. Турнирдин ачылышында “А” тайпасындагы Германия менен Шотландия курама командалары ойнойт.
Европа чемпиондугу 14-июндан 14-июлга чейин Германияда өтөт. Турнирдин беттештерин 10 шаардын 10 стадиону кабыл алат. Финал Берлиндеги 74 миң көрүүчү бата турган "Олимпиаштадион" стадионунда өтөт.