Бишкек шаарындагы Л.Толстой жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде поезд бир адамды сүзүп, ал жараатынан улам каза тапкан. Бул туурасында Темир жол тейлөө ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Жыргал Сыдыгалиев бүгүн, 24-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 23-декабрда саат 18:44төр чамасында азиат улутундагы белгисиз адам поездге урунуп алган. Ошол учурда жанында болгон досунун айтымында, ал жолго чыгып кеткен. Учурда маркумдун аты-жөнү такталды. Ал Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Сагынбай Назаров болгон.
Эске сала кетсек, өткөн жумада да Л.Толстой жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде поезд бир адамды сүзүп, ал ошол жерде жан берген.