Израилдин аскерлери Ливан менен болгон чек арада орто кылымда колдонулган тутандыргыч замбиректерди колдонушту. Бул тууралуу америкалык CNN телеканалы билдирди.
Израилден Ливандын аймагын көздөй тутандыргыч замбирек куралын колдонушкан. Өз кезегинде Израилдин Коргоо күчтөрү бул орто кылымдагы куралды колдонуу жергиликтүү демилге экенин жана кеңири колдонулбаганын белгилеген.
Ошондой эле алар бул курал чек арага жетүүгө аракет кылган согушкерлерди аныктоону жеңилдетерин билдирген. Себеби бул курал менен согушкерлер жашынып жаткан бак-дарак, чөп жана бадалдарды өрттөөгө болот.
Буга чейин Ливандын "Хезболла" биримдиги ХАМАСка колдоо билдирип, Израилге ракеталык чабуулдарды жасаган. Израилдин аскерлери жооп иретинде Ливандын территориясын аткылай баштады.