Сокулук районунун Ново-Павловка айылында 18 жаштагы жигитти чоң атасы бычактоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, кечээ, 13-июнь күнү саат 17:00 чамасында Ново-Павловка айылында жайгашкан өз үйүндө К.А. аттуу 1956-жылы туулган жаран мас абалында 2006-жылы туулган небереси менен чырдашып, андан кийин ага бычак сайган.
Жаракат алган небереси №4 ооруканага жеткирилген.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси менен (Ден соолукка оор залал келтирүү) кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары жогорудагы жаранды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.
Учурда тергөө иштери уланууда.