Дональд Трамп Хабиб Нурмагомедов тууралуу күтүүсүз билдирүү жасады

АКШнын 45-президенти Дональд Трамп легендарлуу UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов менен болгон жолугушуусу тууралуу айтты.

Мурдагы мамлекет башчысы жана легендарлуу дагестандык мушкер Ньюарк шаарында өткөн "UFC 302" турниринде болушкан. Турнирден кийин мушкер менен экс-президент октагондун жанында сүйлөшүп турган видеосу социалдык тармактарга тараган.

Американын Impaulsive подкастына берген маегинде Трамп Хабиб Нурмагомедов менен эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айтып берди.

"Хабиб беттештен кийин мага келип, согушту токтотушубуз керек деди. Ал абдан акылдуу экен. Мен бул согушту шайлоодон кийин эле токтотом деп ойлойм. А эгер жеңсем, согуш бүтө элек болсо мен тез эле токтотом. Биз Орусия менен Украина жөнүндө айтып жатабызбы? Ооба", - деген Трамп.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан