Коңшу Казакстанда ыдык көрсөткөндөр эми жазалана баштайт

Казакстанда адамга сексуалдык ыдык көрсөткөндөр жазаланат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн ИИМинин башчысынын орун басары Ренат Зулхаиров айткандыгын казак басылмалары жазып чыгышты.

«Учурда эмгек жана социалдык коргоо министрлиги харассмент үчүн жоопкерчиликке тартуу беренесин киргизүүнүн үстүндө иштеп жатат. Азыр демилге кошумча түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн тийиштүү кызматтардын талкуусунда. Бул маселе жакынкы аралыкта каралат деп ойлойм. Мыйзамды эмгек министрлиги иштеп чыгууда», - деп белгилеген ал.

Буга чейин депутаттардын ыдык көрсөтүү жана аңдуу боюнча жоопкерчиликке тартуу сунушу өкмөт тарабынан колдоого алынган эмес. Андыктан аялдардын укуктарын жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мыйзамга ченемдер кирбей калгандыгы кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан