Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 14-июнда Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров Орусиянын элчисинин миссиясынын мезгили Кыргызстандагы маанилүү тарыхый өзгөрүүлөргө – саясий, экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин сапаттык өнүгүүсүнө туура келгенин канааттануу менен белгиледи.
Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Орусия жашоо турмуштун дээрлик бардык чөйрөсүндө активдүү өз ара аракеттенип жатканын билдирди. Айрым багыттар боюнча зор натыйжаларга жетишилди.
Президент эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы жигердүү өз ара аракеттенүүсүнүн жыйынтыгы катары республика боюнча тогуз мектептин курулушу, Кыргыз-Орус Славян университетинин ишин реформалоо процессинин башталышы, Каракол шаарындагы ММУнун филиалынын ачылышы жана ийгиликтүү ишке ашырылган “Чет өлкөдө орус мугалими” программасы болгонун баса белгиледи.
Садыр Жапаров эки тараптуу кызматташуунун соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аскердик-техникалык тармактарында да ушундай эле ийгиликтер белгиленгенин баса көрсөттү.
Өз кезегинде Николай Удовиченко анын ишин жогору баалаганы үчүн президент Жапаровго ыраазычылык билдирип, акыркы жылдары Кыргызстанда динамикалык экономикалык жана саясий өнүгүү үчүн бардык өбөлгөлөр түзүлгөнүн айтып, дүйнөдөгү оор геосаясий шарттарга карабастан, эки өлкөнүн стратегиялык кызматташуусу келечекте дагы тереңдей берерине ишеним билдирди.
Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Николай Удовиченкону Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлады.