Астанада Транскаспий эл аралык транспорт каттамын өнүктүрүү форуму өттү

Казакстан менен Еврокомиссия Транскаспий эл аралык транспорт каттамынын координациялык платформасынын ачылышына катышты. Жаңы платформа транспорттук маршруттун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен, Европа менен Азияны 15 же андан аз күн аралыгында байланыштырган мультимодалдык жана атаандаштыкка жөндөмдүү жолго айландыруунун алкагында иш алып барат. Бул тууралуу Казакстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаганын басылмалар жазышты.

Белгилүү болгондой, иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана коридорду бойлой жайгашкан башка өлкөлөрдүн, ошондой эле эл аралык каржы институттарынын жана ЕБ, G7ге кирбеген өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты.

Казакстандын Транспорт министрлигинин башчысы Марат Карабаевдин айтымында, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана транспорттук байланыштарды чыңдоо экономикалык жактан өсүүнү, анын алкагында аймактарды өнүктүрүүдө негизги ролду ойнойт.

Форум 12-июнда башталып, бүгүн жыйынтыкталды. Ага мамлекеттик жана каржы институттарынын өкүлдөрү да катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан