Сокулук районунун Новопавловка айылында небересине бычак сайган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда Чүй облустук милициясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя 13-июнда болжол менен саат 17:00 чамасында болгон. Мас абалында болгон 68 жаштагы жаран 2006-жылы туулган небереси менен чырдаша кетип, ага бычак сайган. Мындан улам 18 жаштагы небереси ооруканага түшкөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары баланын чоң атасы К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.