Сокулук районунда кошунасын алдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда Чүй облустук милициясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, милиицияга М.А. аттуу жаран Ак-Жол айылында жашаган коңшусу С.Н.га карата чара көрүүнү өтүнүп арыз жазган. Жабырлануучу ал 14-майда контейнер сатып берем деп 161 миң сом акча алганын, андан сырткары 16-майда 35 кап шекерди 3800 сомдон сатып берем деп алып, ошол бойдон из жашырып кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү 1987-жылы туулган С.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.