Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 14-июнда Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидовду анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров элчинин кыргыз-өзбек өз ара мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи. Мамлекет башчысы Мирзахидовдун дипломатиялык кызматында эки жактуу маанилүү иш-чаралар жана бардык деңгээлдеги сапарлар ишке ашып, бир катар маанилүү кыргыз-өзбек эки тараптуу документтерге кол коюлганын, соода-экономикалык багытта жакшы натыйжаларга жетишилгенин канааттануу менен белгиледи.
"Тактап айтканда, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлүп, учурда пландуу жана жемиштүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо аяктады, эки жактуу мамилелер ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыкты, биргелешкен өнөр жай кооперациясында жаңы мейкиндиктер ачылды. Бул өңүттө Садыр Жапаров өзгөчө жана маанилүү роль Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге таандык экенин айрыкча белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде Хуршид Мирзахидов Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын бардык жылдарында өлкөдө ийгиликтүү иштөөгө мүмкүндүк берген колдоо жана достук мамилени сезип келгенин белгилеп өттү. Элчи кыргыз тарапка жемиштүү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн өнүгүүсүндө мындан ары да колдоо көрсөтүү ниетин билдирди.
Сүйлөшүүнүн соңунда Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн элчи Хуршид Мирзахидовду Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлады.