G7 камактагы орусиялык активдердин эсебинен Украинага 50 миллиард доллар бөлөт

"Чоң жетиге" кирген мамлекеттердин лидерлери Украинага камактагы орусиялык активдердин эсебинен 50 миллиард доллар насыя берүүнү макулдашты. Бул саясий келишим 13-июнда Италияда өтүп жаткан G7 лидерлеринин жылдык саммитинин биринчи күнүндө кабыл алынды. Ал жакта "Чоң жетинин" үч күндүк саммити өтөт.

Саммитке Украинанын президенти Владимир Зеленский экинчи жыл катары менен катышты. Саммитте Зеленский Япония менен 10 жылдык коопсуздук келишимине кол койду, ага ылайык Япония быйыл Украинага 4,5 миллиард доллар берет.

Байден менен Зеленский кол койгон келишимге ылайык, АКШ менен Украина алдыдагы 10 жылда Украинанын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, чалгындоо маалыматтарын бөлүшүү жана өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, Украинанын экономикасын калыбына келтирүүнү жана энергетикалык коопсуздукту колдоо үчүн биргелешип иштешет.

Келишим ошондой эле Украинанын евроатлантикалык интеграциясын тездетүү жана эл аралык укуктун негизинде тынчтыкка жетишүүнү көздөйт, ошондой эле анын аракеттери үчүн Орусиянын жоопкерчилигин карайт. Орусиянын Украинага жаңы куралдуу кол салуусу болгон учурда керектүү колдоо чараларын жана санкцияларды аныктоо үчүн эң жогорку деңгээлде кеңешмелер өткөрүлөт. Ошол эле учурда Байден АКШ Украинага аскер киргизбей турганын, бул коопсуздук келишиминде каралбаганын тактады.

Чоң жетиликтин лидерлери ошондой эле Израил-Ливан чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, АКШнын Газа тилкесинде ок атышпоону камсыздоо аракетин колдошту. Алар Израилди “эл аралык укук боюнча милдеттенмелерге ылайык” Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына кеңири масштабдуу чабуулдан баш тартууга чакырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан