НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг орус президенти Владимир Путиндин билдирүүсүнө комментарий берди. Брюсселдеги маалымат жыйынында Столтенберг аскерлерин өз аймагынан Украина эмес, Украинанын оккупацияланган аймактарынан Орусия чыгарып кетиши керектигин билдирди.
"Бул сунуш ак ниет эмес жана Орусия өзүнүн аскердик максаттарына жетүүнү каалайт, ошондой эле буга чейин ээлеп алгандан бир топ чоң аймакты эңсеп жатат", - деди Столтенберг.
Йенс Столтенберг
Башкы катчы бул дагы бир жолу Орусиянын Украинаны көзөмөлгө алуу каалоосун ырастай турганын, бул Москванын согуштун башынан бери эле максаты экенин белгиледи.
"Ошондуктан НАТО Украинаны колдоону улантууда", - деп кошумчалады Столтенберг.
Буга чейин Путин тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн украин аскерлери Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсондун бардык аймагынан чыгып кетиши керектигин, ошондой эле Киев НАТОго мүчө болуудан баш тартышы керектигин билдирген.
Путин ошондой эле Украинадагы орус тилдүү жарандардын укуктарынын “толук камсыздалышын” жана Батыштын Орусияга каршы бардык санкцияларынын алынышын талап кылууда.