Бүгүн, 15-июнга караган түнү Германияда ири мелдештердин бири болгон футбол боюнча Европа чемпиондугу старт алды.
Турнирдин ачылыш аземинде үй ээлери Шотландия курамасын кабыл алып, оюн 5:1 эсебинде Германиянын пайдасында аяктады.
"Евро-2024" турнириндеги биринчи голдун автору Германия курама командасынын өсүп келе жаткан жылдыз футболчусу, 21 жаштагы жарым коргоочу Флориан Виртц болду. Ал 10-мүнөттө эсеп санын ачууга жетишти.
Кийинки беттешин Германия курамасы 19-июнда Венгрияга каршы өткөрөт.