“Бийликти күч менен басып алуу”. Тажикстанда мурдагы президенттикке талапкер кармалды

Коңшу Тажикстанда белгилүү саясатчы Саиджафар Усмонзодага бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген негизде кылмыш иши козголуп, ал кармалды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн "Ховар" агенттиги жазды.

Тажикстандын Башкы прокурору Юсуф Рахмон депутаттардын алдында сүйлөп жатып мындай деди:

"Башкы прокуратура тарабынан Саиджафар Усмонзодага жана башка адамдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 306-беренесинин 2-бөлүгүнүн «в» пункту менен кылмыш иши козголгонун билдиребиз. Анда Тажик Республикасынын бийлигин күч менен басып алуу боюнча кылмыш актысын аныктап, алдын ала тергөө иштери башталды”.

Тергөөдө 2021-жылдын сентябрь айында Саиджафар Усмонзода “Паймони милли Тажикстан” экстремисттик-террордук уюмунун жетекчисинин орун басары Шарофиддин Гадоев менен уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүп, Тажикстан Республикасында мамлекеттик бийликти узурпациялоо боюнча алдын ала сунуштарды бергени аныкталган.

Ошондой эле бул кылмышты жасоо үчүн Саиджафар Усмонзода таасирдүү адамдарды өзүнө тартып, митингдерди уюштуруу үчүн чет мамлекеттердин биринин өкүлүнөн 10 миллион доллар сураганы айтылды.

Кылмыш иши 12-июнда козголгон.

Саиджафар Усмонзода Тажикстандын Демократиялык партиясын жетектеп, 2020-жылы президенттикке талапкерлигин койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан