Алматыда 27 жаштагы блогер кыз өз жанын кыйды. Ал кат таштап кеткен

Коңшу Казакстандын Алматы шаарында 27 жаштагы кыз өз жанын кыйды. Маркум кат жазып таштап кеткенин "НеМолчи.kz" фонду кабарлады.

Айлуна Рахим SMM болуп иштеп, социалдык тармактарда активдүү болгон. Анын жансыз денеси 11-июнь күнү кечинде табылган. Маркумдун курбулары "NeMolchi.kz" фондуна ал бардыгына бир жигитти күнөөлөп, өз жанын кыйганы тууралуу кат калтырганын айтышкан.

Маркумдун ата-энеси жок болуп, жалгыз жашачу.

"Каттын скриншоттору бар жана анда көптөгөн чыр-чатактар, үмүтсүздүк, сүйүү мамилесиндеги көйгөйлөр жазылган", - деп билдирди фонд.

Белгилей кетсек, Айлуна Рахим 17-апрелдеги Instagram баракчасына акыркы билдирүүсүн жүктөгөн. Анда ал күйөөсү менен эмне үчүн ажырашканын түшүндүргөн. Ал колундагы тактарды көрсөтүп, ажырашуусунун себебин айткан.

Блогердин күйөөсүнүн Алматыдагы өлүмгө тиешеси барбы же жокпу азырынча белгисиз.

Бул факты боюнча Алматы полициясы кылмыш ишин козгоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан