Москва төрт айда эки миңден ашуун мигрантты чыгарды

2024-жылдын төрт айында Москвада миграциялык мыйзамдарды бузган эки миңден ашуун чет элдик Орусиядан чыгарылды. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москвадагы башкы башкармалыгы билдирди.

Башкармалык кошумчалагандай, Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузган 10 миңден ашык чет элдик жарандар административдик жоопкерчиликке тартылган.

Ушул төрт ай ичинде полиция Москвадагы алты миңге жакын объектти текшерди.

Түзүлгөн административдик протоколдорду кароонун жыйынтыгы боюнча дээрлик 100 миллион рублга чейин айып пул салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан