Футбол боюнча Черногория улуттук курама командасынын дарбазачысы Матия Саркич күтүүсүздөн каза болду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 26 жаштагы футболчу бүгүн, 15-июнда Черногориянын Будва шаарындагы батирде каза болгон. Футболчунун өлүмүнүн так себеби белгисиз. Саркич эртең менен эле өзүн жаман сезгендиктен жанындагылар "Тез жардам" чакырышкан. Бирок дарыгерлер аны сактап кала алышкан эмес.
Дарбазачы 5-июнда Бельгия менен болгон жолдоштук беттеште Черногория курамасынын курамында ойногон. Жалпысынан Саркичтин улуттук курама үчүн тогуз беттеши бар.
Саркич өткөн сезондо Чемпионшипте "Миллуолл" үчүн 32 оюн өткөргөн. Мындан тышкары ал Англиянын "Вулверхэмптон", "Астон Вилла", "Бирмингем", "Сток Сити" жана "Уиган" командаларында ойногон.