Швейцарияда өтүп жаткан Украина боюнча "тынчтык" саммитинин үч катышуучусу саммитте Орусиянын жоктугуна каршы чыгышты. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Алар Сауд Арабиясы, Түркия жана Кения. Бул мамлекеттердин өкүлдөрү Москванын бул иш-чарага катышуусу зарыл экенин, ансыз тынчтык жолу менен жөнгө салууда реалдуу жылыш мүмкүн эмес экенин белгилешти.
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан саммитке Москва өкүлдөрү катышса, андан да ийгиликтүү болот деп билдирген. Ушундай эле пикирди Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль Сауд дагы айткан. Ал эми Кениянын президенти Уильям Руто Орусиянын Украинадагы абадан коргонуу системасын сынга алып, ошол эле учурда ал орусиялык өкүлдөрдүн катышуусу зарыл экенин жана саммит жалаң дос өлкөлөрдүн жолугушуусу болбошу керек экендигин билдирген.
15-16-июнда Швейцарияда өтүп жаткан Украина боюнча “тынчтык” конференциясына Орусия чакырылган эмес. Ошол эле учурда 92 өлкө жана 55 мамлекет башчысы, ошондой эле Евробиримдик, Европа Кеңеши жана БУУ баш болгон сегиз уюм иш-чарага катышуу планын жарыялашкан.