Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы абактын кызматкерлерин барымтага алып алгандардын алгачкы сүрөттөрү жарыяланды.
Сүрөттө алар барымтага алган кызматкерлерге бычак такап турганы көрүнөт.
Бул факты боюнча Орусиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.
Учурда алар менен сүйлөшүү жүрүүдө.
Баскынчылар аларга курал-жарак жана абактан чет мамлекетке чыгып кетүү үчүн унаа талап кылып, ультиматум коюшту.