Ростовдогу СИЗОнун кызматкерлерин барымтага алып алгандыгы үчүн жок кылынган кылмышкерлердин сөөгү туугандарына берилбейт жана алардын көмүлгөн жери сыр бойдон калат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине адвокат Дмитрий Аграновский билдирген.
"Сөөк коюу жана көмүү иштери жөнүндө» федералдык мыйзамдын 14-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, террордук иш-аракеттерге катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып, жаза аткаруу учурунда каза болсо, сөөк коюу өкмөт тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Бул адамдардын сөөктөрү туугандарына берилбейт жана көмүлгөн жери сыр бойдон калат", - деген ал.
Бүгүн, 16-июнда таңга жуук Ростовдогу абакта туткундар кызматкерлерди барымтага алып алышкан. Алар андан кийин курал-жарак жана абактан чет мамлекетке чыгып кетүү үчүн унаа талап кылып, ультиматум коюшкан. Аларга алгач имам сүйлөшүүгө киргизилген. Кылмышкерлер аны дагы укпай койгондуктан атайын операция башталып, алар жок кылынды.