Европа футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА) “Евро-2024” оюндарынын алкагында Албаниянын футбол федерациясына Италия менен болгон беттешинен кийин күйөрмандарынын жүрүм-туруму үчүн иш козгоду. Бул туурасында кечээ, 16-июнда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта белгиленгендей, уюм күйөрмандардын талаага бөтөн нерселерди ыргытканы, пиротехниканы колдонгону, күйөрмандардын оюн талаасына кирип келиши жана спорттук иш-чарага чагымчыл билдирүү көрсөткөнү үчүн айыпталган.
Белгилей кетсек, 15-июнда Италия курама командасы Евро-2024 тайпалык турниринин биринчи айлампасында Албанияны утуп алган. Дортмунддагы оюн 2:1 эсебинде аяктаган. Бирок бул беттеште Албаниянын курамасы биринчи мүнөтүндө эле эсепти ачып, Европа футбол чемпиондугунун тарыхындагы эң ылдам команда болуп калды. Жарым коргоочу Недим Байрами 22-секундада гол киргизген.
Айта кетсек, Европа чемпиондугу 14-июндан 14-июлга чейин Германияда өтөт. Турнирге 24 команда катышууда.