Калифорниянын Лос-Анжелес округундагы токой өртүнө байланыштуу кеминде 1200 адам эвакуацияланды. Бул жөнүндө чет элдик басылмалар жызып жатышат.
Калифорниянын Токой чарба департаментинин маалыматы боюнча, жекшемби күнү түштөн кийин өрт 4,9 миң гектар жерге жайылып, 2 пайызы гана чектелген. Өрт эки коммерциялык объектке зыян келтиргени айтылды.
"Горман шаарындагы "Hungry Valley" эс алуу базасынан адамдар чыгарылды. Куткаруучулар Пирамид көлүн дагы жабышты", - деп жазылат маалыматта.
Өрттүн келип чыгуу себептери иликтенет.