Зеленский Кытайдын аймактык бүтүндүгү тууралуу кандай ойдо экенин айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский Кытай согушту бүтүрүүгө жардам бере аларын, анткени Пекиндин Москвага таасири бар экенин айтты. Бул тууралуу Зеленский Швейцариядагы тынчтык саммитинин жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди.

Украинанын президенти Киев ар дайым Кытайды жана анын аймактык бүтүндүгүн урматтап келгенин баса белгиледи.

"Биз Кытайдан Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүбүздү урматташын гана каалайбыз. Менимче, Кытай бизге жардам бере алат. Ошондуктан мен биздин диалогубузда кытай тараптын айрым сунуштарын көргүм келет. Мен ЖМК аркылуу сунуштарды кабыл ала албайм. Бул туура эмес. Биз согуштун бүтүшү жөнүндө айтып жатабыз. Миңдеген курмандыктар, аймактарды басып алуу, өрттөлгөн үйлөр", - деди ал.

Зеленский Украина Пекинди душман деп эсептебей турганын белгиледи.

"Украинанын бир гана душманы бар экенин мен дайыма айтып келем, ал – Путин. Анткени ал бизге кол салган", - деп түшүндүрдү украин лидери.

Ал Украина оор учурларда жардамдан баш тартпаган өлкөлөрдү дос катары санаарын айтып, Кытайдын Украина үчүн дос болушун каалай турганын билдирди. Ошондой эле Пекин менен Киевдин бекем экономикалык өнөктөштүгүн эске салып, орус аскерлеринин Кара деңизде кеме өтүүсүнө бөгөт коюусу эки өлкөнүн кызматташтыгына олуттуу зыян келтиргенине нааразы болду.

Зеленский Кытай менен Бразилияны саммитте иштелип чыккан тынчтык жол менен жөнгө салуу принциптерине кошулууга чакырды. Ал ошондой эле бул өлкөлөрдүн позициясы Украина жана анын союздаштарынын позициясынан айырмаланган күндө да, алардын пикири эске алынарын убада кылды.

"Кээде алардын пикири дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгү менен дал келбесе да, угуу, согушту токтотуу үчүн күчтөрдү бириктирүү кадыресе көрүнүш", - деп жыйынтыктады Зеленский.

Бюргенштокто өткөн эки күндүк тынчтык саммитине Пекиндин өкүлдөрү катышкан жок. Кытай бийлиги мындай жолугушууга жаңжалдашкан эки тараптын тең катышуусу зарыл деп эсептээрин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан