Курман айт майрамынын биринчи күнүндө Түркияда 16 миңге жакын адам курмандык чалуу учурунда бычакты туура эмес колдонгондуктан жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Фахреттин Кожа билдирди.
Мекеменин жетекчиси түшүндүргөндөй, жабыркагандардын көпчүлүгү касапчы болгон эмес. Алар малды сойгонду билбегендиктен ар кандай жолдор менен союшкан.
Түркияда мал союу атайын бөлүнгөн жерлерде жүргүзүлүшү керек. Жергиликтүү тургундар бул талапты көп бузушат, анын кесепетинен Курман айтта миңдеген адамдар жараат алышат.
Бычактан жараат алгандардын көпчүлүгү Анкарада катталган – 1274 адам. Ошондой эле Измирде 416 жаран жаракат алды.
TRT Haber телеканалынын маалыматына караганда, курмандык чалуу учурунда жаракат алган 918 адам Стамбулдагы ооруканага жаткырылган.