Түркия Сирия менен Иракта террористтерди жок кылды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды.
Андагы маалыматка караганда, Түркиянын Улуттук Коргоо министрлиги Ирактын түндүгүндө жана Сирияда 17 террористти жок кылган.
"Террор менен күрөшүүбүз эффективдүү жана чечкиндүү түрдө уланууда. Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндөгү "Тырмак-Сепил" операциясында 8 PKK террористи, Сириянын түндүгүндөгү Евфрат калканы жана Тынчтык булагы аймактарында 9 PKK/YPG террористи жок кылынды", - деп жазылат министрликтин расмий баракчасында жарыяланган билдирүүдө.