Сальвадордун президенти 2000ден ашык кишини эң катаал шарттагы "мега-түрмөгө" которду

Сальвадордун президенти Найиб Букеле өлкөнүн ар кайсы түрмөлөрүндө кармалган 2000ден ашык шектүү кылмыштуу топтун мүчөлөрү Сальвадордогу бандаларга каршы күрөштүн символу болгон, "мега-түрмө" деп аталган Террордук камоо борборуна (Cecot) которулганын жарыялады.

"Биз Изалько (батышта), Сьюдад-Барриос (чыгышта) жана Сан-Висенте (түштүк-чыгышта) түрмөлөрүнөн 2000ден ашык кылмыштуу топтун мүчөлөрүн Cecot’ко котордук", - деп жазган президент X соицалдык тармагындагы баракчасына.

2022-жылдын башында ачылган Cecot 40 000 кишиге ылайыкташкан. Сальвадордун өкмөтү бул Америкадагы эң ири түрмө деп ырастайт. Расмий маалыматтар боюнча, ушул жылдын февраль айына чейин түрмөдө "Мара Салватруча (MS-13)" жана "Баррио 18" бандаларынын 12 500 мүчөсү болгон, алар укук коргоо уюмдарынын сынына кабылган өзгөчө кырдаал режиминде камакка алынган.

80 миңден ашуун шектүү кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган Өзгөчө кырдаал 2022-жылдын 25-мартынан 27-мартына чейин 87 адамдын өмүрүн алган зордук-зомбулуктун күчөшүнө жооп катары Конгресс тарабынан Букеленин талабы боюнча киргизилген.

Букеле X социалдык тармагына жайгаштырган видеодо ак шорты кийген жылаңаяк кылмыштуу топтун мүчөлөрү полициянын көзөмөлү астында Cecot’ко чуркап киргенин көрүүгө болот.

"Ал жерде биздин элибизге каршы жасалган кылмыштар үчүн төлөшөт: тышкы дүйнө менен байланышсыз, абактан бошотулуу же буйрук берүү мүмкүнчүлүгү жок", - деди президент Букеле.

Cecot Сан-Сальвадордон 74 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан Теколука шаарында курулган жана 166 гектар жерди ээлейт, анын ичинен 23 гектар жерге 19 кароол мунарасы бар сегиз павильон курулган.

Түрмөнүн жети коопсуздук шакекчесинин арасында бийиктиги 11 метр, узундугу 2,1 километр болгон бетон дубалы электр зымдары менен капталган. Ошондой эле тышкы дүйнө менен байланышты бөгөттөөчү түзүлүштөр орнотулган. 250 полиция жана 600 жоокер кайтарган соттолуучулар темирден жасалган керебеттерде матрацсыз, жаздыксыз укташат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан