Кыргызстандын аялдар курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде 132-орунда турат. Жаңыланган тизме ФИФАнын сайтында жарыяланды.
Команда эки позицияга төмөндөп кеткен.
Рейтингде 193 команда бар. Алдыңкы үчтүктө Испания, Франция жана Англия турат.
Орусиянын кыз-келиндер командасы 27-орунда, Украина 35-орунда. Өзбекстан — 47, Казакстан — 109, Түркмөнстан — 139, Тажикстан — 154-орунду ээлеген.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча эркектер курама командасы ФИФАнын рейтингинде 100-орунда турат.