Биз социалдык тармакта

Индияда эки поезд кагылышып, кеминде 15 адам каза болду

Индияда экспресс поезд менен жүк ташыган поезд кагылышып, кеминде 15 адам каза болду. Мындай маалыматты дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Кырсык бүгүн, 17-июнда эртең менен болгон. Анда жүк ташыган поезд менен жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан поезд кагылышкан.

"Нью-Джалпайгури шаарына жакын жерде орун алган поезд кырсыгынан каза болгондордун саны 15ке жетти. Алардын арасында жүк ташуучу поезддин айдоочусу бар. 60тай адам жаракат алды", - деп жазылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жүк ташуучу поезддин машинисти "токтоо" сигналын өткөрүп жиберип, андан соң экинчи поездди сүзүп алган.

Буга чейин кырсыктан 5 адам каза болуп, 20-30дай жаран жаракат алганы кабарланган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан