Москвада 121 адам ботулизмдин белгилери менен дарыгерлерге кайрылган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Бир нече күн мурун Москванын ооруканаларына уулануу боюнча ушундай эле арыздар менен бейтаптар келе баштаган. Дарыгерлер адамдын организмине консерваларда боло турган органикалык уу ботулотоксин киргенин аныкташты.
Маалыматта учурда 55 адамдын абалы оор жана алардын 30у жандандыруу бөлүмүндө экендиги айтылды.
"Жабыркагандардын бардыгы "Кухня на районе" компаниясынан лобио салатын жана "Гастропорттун" тунец салатын жешкен. Текшерүү учурунда алардан жасалган салаттар алынган", - деп айтылат маалыматта.
Ондогон ботулинум токсининин курмандыктары тууралуу кабардан кийин "Кухня на районе" ишин токтотту.
Ботулизм – ботулинум токсиндери бар тамактарды жегенде пайда болуучу жугуштуу оору. Инкубациялык мезгил сапатсыз тамак-ашты керектеген учурдан тартып 2 сааттан 5 күнгө чейин созулат.