"Евро-2024" мелдешинде Сербия менен Англиянын күйөрмандары массалык түрдө мушташты. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Андагы маалыматка ылайык, англиялык күйөрмандар Сербиянын күйөрмандары отурган барга кол салышкан. Жерине 200дөй полиция кызматкери тартылган. Жыйынтыгында массалык мушташ чыгып, англиялык бир күйөрман башынан жана дагы бир полиция кызматкери жаракат алган.
Германия полициясы бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, жети адамды кармады.