Түркияда курмандыкка чалынчу буканын видеосу социалдык тармактарга тарап, популярдуу болууда.
Видео Түркиянын Конья провинциясынын Кадинхана районунда тартылган. Анда курмандыкка чалынуучу бука ээсинен качып, үйдүн чатырына чыгып кеткен. Бука андан соң жанаша турган үйдүн чатырына секирип, андан ары жерге түшүп, качууну уланткан.
Анын аракетине карабастан, бука бир нече убакыттан кийин кармалып, кийин курмандыкка чалынган.