Зеленскийдин президенттигин украиналыктардын 70 пайызы колдоду

Киев эл аралык социология институту Украинанын азыркы президенти Владимир Зеленскийди колдоо боюнча кезектеги сурамжылоонун маалыматтарын жарыялады.

Өткөн айда жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, ага катышкандардын 70 пайызга жакыны Зеленский согуш аяктаганга чейин өлкөнү башкара бериши керек деп эсептешет.

Орусиянын президенти Владимир Путин Зеленский Украинадагы эң жогорку мамлекеттик кызматты ээлегенден төрт жыл өткөндөн кийин анын легитимдүүлүгүнө бир нече жолу шек келтирген.

Бирок Украинанын мыйзамдарына ылайык, президенттик шайлоону согуш шарттарында өткөрүүгө жол берилбейт жана азыркы президент кийинки мамлекет башчынын инаугурациясына чейин өз милдеттерин аткарышы керек.

Ошол эле социологиялык агенттиктин маалыматы боюнча, жарандардын 56 пайызы Зеленскийдин ишмердүүлүгүн жактырышат. Өткөн жылдын күзүндө өткөрүлгөн мурдагы сурамжылоодо катышкандардын 77 пайызы украин президентин колдогон.

Изилдөө ошондой эле украин жарандарынын 58 пайызы Орусия менен тынчтык келишими тууралуу сүйлөшүүлөрдө компромисске баруудан баш тартканын көрсөттү. 2022-жылдын май айында орус-украин жаңжалы башталгандан 3 ай өткөндөн кийин респонденттердин 80 пайызга жакыны ушундай деп ойлошкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан