Дагестанда ичүүчү суудан ууланган 169 адам ооруканадан чыкты

Дагестандын Буйнанск шаарында суудан массалык уулануу боюнча абал турукташып, 169 адам шаардык ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

«Учурда Буйнанск шаарынын борбордук ооруканасында ичеги инфекциясынын белгилери менен 59 бейтап стационардык дарыланууда. Буга чейин 169 адам дарыланып, үйлөрүнө чыгарылган», - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, массалык ууланууда 300гө жакын жаран ооруканага кайрылган. Анын себеби ичүүчү суу болгону маалымдалган. “Буйнаксууканал” ишканасына кылмыш иши козголду. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында дизентерия жана ротавирустар аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан