Владимир Путин 18-19-июнда Түндүк Кореяга барат

Кремль Орусиянын президенти Владимир Путиндин 18-19-июнда Түндүк Кореяга мамлекеттик сапары менен бара турганын билдирди. Андан соң 19-20-июнда мамлекет башчысы Вьетнамга барат.

"КЭДРдин мамлекеттик иштер боюнча төрагасы Ким Чен Ындын чакыруусу менен Владимир Путин 18-19-июнда Корея Элдик Демократиялык Республикасына достук мамлекеттик сапары менен барат", - деп айтылат Кремлдин билдирүүсүндө.

Маалыматта айтылгандай, Путин Ханойдо Вьетнамдын "Коммунисттик" партиясынын Борбордук комитетинин башкы секретары Нгуен Фу Тронг, президент То Лам, премьер-министр Фам Мин Тинь жана улуттук чогулуштун жетекчиси Тран Тхань Ман менен жолугушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан