Таластан качып кеткен шектүү 23 жылдан кийин Орусияда кармалды

Екатеринбургда 23 жыл мурун зордуктоого шектелген кыргызстандык жаран кармалды. Бул туурасында орус басылмалары жазып чыгышты.

«Милиция кызматкерлери Кыргызстандын 50 жаштагы жаранынын жүргөн жерин аныктап, кармашты. Ал 2001-жылы Талас облустук милициясынан жашырынып, Орусияга мыйзамсыз качып кеткен. Кармалган жаран зордуктоо боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары каралып жаткан», - деп айтылган маалыматта.

Кошумчалангандай, шектүү эл аралык издөөгө алынган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Жакынкы күндөрү ал мекенине депортацияланып, кыргыз милициясына өткөрүлүп берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан