Бишкек шаарындагы батирлердин биринен шаар тургунунун жансыз денеси табылды. Бул туурасында бүгүн, 24-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 23-декабрда саат 18:35тер чамасында Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Чүй проспектинде жайгашкан №125-үйдүн 27-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Анын ичинен 1975-жылы туулган А.Селезновдун жансыз денесин табышкан. Учурда сөөк ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.