Орусиянын Коргоо министрлигинде күтүүсүз кадрдык алмашуулар болду

Орусиянын президенти Владимир Путин коргоо министринин үч жаңы орун басарын дайындады. Тактап айтканда, "Мекенди коргоочулар" мамлекеттик фондунун жетекчиси, анын аталаш бир тууган жээни Анна Цивилеваны министрдин орун басарлыгына дайындады.

Анна Цивилева

2023-жылдын апрелинде Цивилева "Атайын аскердик операциянын" (ААО) катышуучуларын колдоо боюнча "Мекенди коргоочулар" мамлекеттик фондунун жетекчиси болгон. Анын күйөөсү Сергей Цивилев 2024-жылдын май айына чейин Кемерово облусун жетектеп келген, андан кийин энергетика министри болуп дайындалган.

Павел Фрадков

Путиндин дагы бир жарлыгы менен коргоо министринин орун басарлыгына Тышкы чалгындоо кызматынын мурдагы башчысы, экс-премьер-министр Михаил Фрадковдун уулу Павел Фрадков дайындалды. Павел Фрадков 2021-жылдан бери Президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келген. Коргоо министрлигине дайындоо жөнүндө жарлыкта ал мурда ээлеген кызматынан бошотулганы айтылат.

Леонид Горнин

Ошондой эле коргоо министринин биринчи орун басарлыгына мурда Каржы министрлигинин башчысынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген Леонид Горнин дайындалды.

Коргоо министрлиги министрдин жаңы орун басарларынын ыйгарым укуктары кандай бөлүштүрүлөрүн айтып берди.

- Министрдин биринчи орун басары Леонид Горнин Куралдуу күчтөрдү каржылык камсыздоонун бардык маселелерин көзөмөлдөйт.

- Павел Фрадков мүлктү башкаруу, жер ресурстары, ошондой эле Коргоо министрлигинин муктаждыктары үчүн объектилердин курулушуна жооптуу болот.

- Анна Цивилева аскер кызматкерлерин социалдык жана турак жай жагынан колдоону уюштурууга, аскер кызматкерлерине карата социалдык саясатты “жаңы сапаттык деңгээлге” чыгарууга жооптуу болот.

Жалпысынан Орусиянын Коргоо министринин 12 орун басары, анын ичинде министрдин эки биринчи орун басары болот.

Орусиянын Коргоо министрлигинин имараты

Мындан тышкары, башка жарлык менен Николай Панков (статс-катчы - коргоо министринин орун басары), Татьяна Шевцова жана Руслан Цаликов (министрдин орун басарлары) ээлеген кызматынан бошотулду. Армиянын генералы Павел Попов коргоо министринин орун басары кызматынан бошотулуп, аскердик кызматтан кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан