“Кытайдан кредит алабыз”. Жогорку Кеңеште темир жолго жумшалчу каражат кайдан алынары айтылды

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору талкууланды.

Депутат Бактыбек Сыдыков темир жолуна жумшала турчу каражат кайдан алынарына кызыкты.

“Темир жолду курууда Кыргызстандын ролу кандай? Келишимдерди карап жатканда баары каралышы керек. Акча каражатын кайдан алабыз?” - деди эл өкүлү.

Бул суроого “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев жооп берип жатып, Кытайдын эки банкынан акча каражат алынышы мүмкүн экендигине токтолду.

“Темир жолдун жалпы курулушуна 4 миллиард 700 миллион доллар кетет. Каражаттын 51 пайызын Кытай, 24,5 пайызын Кыргызстан, 24,5 пайызын Өзбекстан чыгарат. Эки меморандум, бир макулдашууга кол коюлган. Акча каражатын алуу үчүн Кытай тарап кредит берет. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, - деп токтолду Сакиев.

Белгилей кетсек, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун маршруту “Торугарт – Кош-Дөбө – Казарман – Жалал-Абад” багыты менен кетет. Узундугу 311 чакырым болот. Ал эми темир жолдун жалпы узундугу 480 чыкырымды түзүп, 18 станция, 81 көпүрө, 41 тунел курулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан