Бүгүн, 18-июндагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Улугбек Ормонов "Ош" аэропорту качан көчүрүлөрүнө кызыкты.
"Садыр Нуркожоевич курула турган жерди көрүп, кыдырып келген. Аэропортту баштоого жер бөлүнгөн. Эмне болду?" - деди ал.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Данияр Бостонов "Ош" аэропорту 5 жылга чейин көчүрүлбөй турганын айтты.
"Бул президенттик администрация менен макулдашылган. Бизде "Ош" аэропорту 5 жылда көчүрүлбөйт деген кат бар", - деди Бостонов.
Эл өкүлү Ормонов ал кат менен тааныштырууну өтүндү.
Эске салсак, 2023-жылы Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропорттор куруларын президенттин маалымат кызматы кабарлап, Садыр Жапаров курулуш иши пландалган жер тилкелерин көрүп чыкканын билдирген. Ал эми эски аэропорттордун ордуна заманбап турак жайлар салынып, ипотекага берилери маалымдалган.