"Бишкек жылуулук тармагы" алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Жукеев-Пудовкин көчөсүндө магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо иштерин улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Горький көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейин жана Медеров көчөсүнөн Карасаев көчөсүнө чейинки эки участоктогу жылуулук тармактарын басым менен сыноого даярдык иштери жүрүп жатат. Ал эми башка участоктордо түтүктөрдү орнотуу жана изоляциялоо иштери уланууда.
"Бишкек жылуулук тармагы" шаар тургундарын жолго чыгуунун алдында каттамдарды пландаштырып, убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт",-деп айтылат маалыматта.