Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков жаңы Эмгек кодексинде канча дем алыш күн болоруна кызыкты.
Жыйында "Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоору каралып жаткан.
Буга эмгек министринин орун басары Жыпариса Рысбекова азыркы Эмгек кодексинде 23 майрамдык эс алуу күнү бар экенин белгилеп, эми 21 күн болорун айтты.
"23-февраль, 7-апрель, 7-8-ноябрь майрам, бирок иш күн. Ал эми 8-март, 21-март, 31-август иш күнү эмес", - деди ал.
Эл өкүлү жаңы жыл жана май каникулдары канча күнгө созуларын сурады.
Министрдин орун басары жаңы жылдык каникул күндөрү 1-январдан 7-январга чейин болорун, ал эми май айындагы эс алуу 1-майдан 9-майга чейин созуларын билдирди.
Ошондой эле ал майрамдар ишемби, жекшембиге туш келип калса, азыркыдай иш күндөрүнө жылдырылбай турганын кошумчалады.