2024-жылдын 25-июнунан тартып, жасалма телефондордон сактоо, уурулуктардын санын жана телефон шылуундарынын торуна түшүү тобокелдигин азайтуу максатында мобилдик телефондорду Мамлекеттик идентификациялоо системасы (МИС) ишке киргизилет. Бул болсо, Кыргызстандын аймагында телефон сатып алып жатканда анын МИСте катталып-катталбаганын текшерүү зарыл дегенди түшүндүрөт.
Өлкөнүн ичинде мыйзамдуу түрдө алып келинген, колдонуу үчүн коопсуз болгон жана импорттоочулар тарабынан катталган мобилдик телефондор гана сатылат. Түзүлүштөрдү КР аймагынан тышкары эл аралык маркетплейстерден сатып алган колдонуучулар телефонду www.imei.kg сайтынан өз алдынча каттай алышат.
IMEI-кодду «Мой О!» тиркемесинен текшеребиз
Алгач түзүлүшүңүздүн IMEI-кодун (SIM-картасы менен ар бир түзүлүшкө ыйгарылган 15 цифрадан турган эл аралык уникалдуу номер) билишиңиз керек. Муну ишке ашыруунун бир нече жолу бар:
15 орундуу IMEI-кодду билгенден кийин, «Мой О!» тиркемесине кирип, «Телефондун IMEI-кодун текшериңиз» дегенди басабыз. Ачылган терезеге IMEI-кодду жазабыз же сканер менен штрих-кодду сканерлейбиз. Натыйжаны карайбыз.
Эгер түзүлүшүңүз ийгиликтүү каттоодон өткөн болсо, жашыл чымчыкчаны жана телефонуңуз жөнүндө толук маалыматты көрөсүз. Түзүлүшүңүздү жайбаракат колдоно бериңиз.
Ал эми түзүлүштү каттоодон өткөрүү зарылдыгы бар болсо, анда аны www.imei.kg сайтынан нускамага ылайык каттайсыз. Түзүлүштү каттоо боюнча кызмат үчүн ушул эле «Мой О!» тиркемесинен «О!Деньги» капчыгы аркылуу төлөсө болот (сизге кызматты төлөөгө шилтеме камтыган пуш-билдирүү же SMS келет).
Толук маалымат менен www.imei.kg шилтемеси аркылуу МИС сайтынан тааныша аласыз.
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.
«О!Деньги» сервиси менен бонустук процессинг «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лицензиялары.