Алмамбет Шыкмаматов президенттин жардамчысы болуп дайындалды 

Алмамбет Шыкмаматов президент Садыр Жапаровдун жардамчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, Шыкмаматов 2010-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, 2011-жылдын мартынан декабрына чейин Эсеп палатасынын аудитору болуп иштеген.

2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын февралына чейин Юстиция министри болгон.

2021-жылы Кыргызстандын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору болсо, 2022-жылдан бери Жогорку Кеңештин "Ынтымак" фракциясынын курамында.

Ошондой эле ал "Бишкек" СЭЗде жетекчилик кызматты аркалаган. Шыкмаматов мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы болуп 2023-жылдын сентябрь айынан бери иштеп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан