Бишкекте белгисиз кишилер аялдаманын айнектерин сындырып кетишти (видео)

Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде жайгашкан аялдаманын айнектерин белгисиз жарандар сындырып кетишкен. Бул окуянын видеосун социалдык түйүндүн колдонуучулары таратышкан.

Анда окуянын күбөсү: “Бир аз оңолуп калыптырбыз! 2 күндөн кийин эмес, 2 айдан кийин сындырып”, - деген билдирүү калтырып, нааразычылыгын айткан.

Ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына окуяны тастыктап, иш укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө экендигин билдирди.

Ч.Айтматов проспектиси менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан аялдаманын айнектерин белгисиз жарандар сындырып кетишкен. Окуя боюнча ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери иш алып барууда”, - деп билдиришти.

Ошондой эле мэрия шаар тургундарын жана конокторду менчик ээсине карабай, бардык объектилерге аяр мамиле кылып, мыйзам бузбоого чакырды.

Бишкекте белгисиздер аялдаманын айнектерин сындырып кетишкен
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан