Орусияда мигрант аялын кызганып, аны 6-кабаттан ыргытып ийди

Орусияда Өзбекстандын 34 жаштагы жараны аялын кызганып, аны 6-кабаттын терезесинен ыргытып жиберди. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 17-июнда Санкт-Петербург шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Анда Өзбекстандын жараны кызганычтан улам 28 жаштагы аялы менен уруша кетип, жаңжал учурунда 6-кабаттын ачык терезесинен ыргытып жиберген. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган, бирок аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Бул факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Полиция кызматкерлери шектүүнү кармашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан