"Евро-2024": Украиналык футболчулар башкы машыктыруучунун бөлмөдөн чыгып кетишин талап кылышты

Украина курама командасынын оюнчулары "Евро-2024" турнириндеги алгачкы оюнунда Румынияга ири эсепте жеңилгенден кийин башкы машыктыруучусу Сергей Ребровдон кийим алмаштыруучу жайдан чыгып кетишин талап кылышты. Бул тууралуу Goal басылмасы жазды.

Андагы маалыматка ылайык, украин футболчулары муну машыктыруучунун катышуусуз өз ара сүйлөшүү үчүн жасашкан. Жыйынтыгында Ребров футболчулардын талабына баш ийип, кийим чечүүчү бөлмөдөн чыгып кеткен.

Эске сала кетсек, бир күн мурун Мюнхенде украиналык команда Румыния курамасына 0:3 эсебинде утулуп калган. Эми Украина курамасы кийинки беттешин 21-июнда Словакияга каршы өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан