Футбол боюнча Европа чемпиондугунун алгачкы беттешинде мурдун сындырып алган атактуу футболчу Килиан Мбаппе күйөрмандарына кайрылуу жасады.
"Бет кап кийүү тууралуу кандайдыр бир идеялар барбы?" - деп жазды социалдык тармактагы баракчасына Мбаппе.
Кечээ, 17-июнда Франция Австрия курамасы менен кез келип, 1:0 эсебинде жеңишке жеткен. Оюн учурунда Килиан Мбаппе австриялык коргоочу менен кагышып, мурду канжалаган бойдон талааны таштап кеткен. Кийинчерээк ал ооруканага жеткирилип, анын мурду сынганы белгилүү болгон.