Түркиянын атайын кызматы орус кесиптештерине Москвадагы "Крокус Сити Холл" имаратында болгон кол салуудан кийин даярдалып жаткан экинчи теракт тууралуу эскертти. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, террорчулар эл көп чогулган соода борбордо кол салууну көздөшкөн, бирок Түркиянын кийлигишүүсүнүн аркасында теракт алдын алынган.
“Кол салууга “Ислам мамлекети” террордук уюму менен байланышы бар “Вилаят Хорасан” тобунун согушкерлери даярданган. Түркиянын атайын кызматтары январь айында Стамбулдагы католик чиркөөсүнө кол салууга катышкан террордук уюмга тийиштүү жергиликтүү биримдигинин ишмердүүлүгүн көптөн бери көзөмөлдөп келген. Укук коргоо органдары тергөөнүн алкагында бир нече адамды суракка алып, андан соң орус тарап менен байланыш түзүшкөн”, - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" борборундагы терракт 22-мартта кечинде болгон. Натыйжада 140тан ашык адам каза болуп, 500дөн ашыгы жарадар болгон.
Тергөө иштеринин алкагында 14 адам кармалып, анын 13ү камакка алынган.
Маалымат үчүн: Кыргызстанда 2015-жылдын 13-февралынан баштап “Ислам мамлекети” террордук уюмунун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.