Сочиде деңиз жээгинде жигити менен жүргөн кыздын акыркы мүнөттөрү видеого түшүп калган

Орусиянын Сочи шаарындагы деңиз жээгинде сүйүктүүсү менен "Ривьера" пляжында сейилдеп жүргөн кызды күчтүү толкун деңизге тартып кетти. Бул тууралуу SHOT телеграм каналы жазды.

Кырсык 16-июнда болгон. Анда Липецк облусунан келген жуптар жээкте сейилдеп жүрүп, жигит сүйлөшкөн кызын сууга жакындап келүүгө чакырган. Дал ошол маалда катуу толкун кызды жыгып, андан ары деңизге тартып кеткен. Бул учур видеого тартылып калган.

Жигити эч нерсе кыла албастан туруп калган.

Учурда кызды издөө иштери уланууда жана эки күндөн бери жыйынтык чыга элек. Издөө иштерине катерлер дагы тартылды.

Сочиде катуу толкун кызды деңизге тартып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан